Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлгө алынып, борбордун бардык аймагында санитардык  тартип күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө жазылгандай, акимчиликтердин мобилдик топтору мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, санитардык-экологиялык инспекциясы менен биргеликте базарлардагы, соода борборлорундагы, супер маркеттердеги, кафелердеги жана башка ишкердик субъекттериндеги соода түйүндөрүн кыдырып, ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук транспорттун салондорун текшерүүдө.

«Райондун мобилдик тобу тарабынан 30га жакын ишкердик субъекттери текшерилип, бир санитардык буйрук чыгарылды. Ошондой эле «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 150-беренеси боюнча жалпы 37 миң сомго тогуз административдик протокол түзүлдү.

* Тилекке каршы, Свердлов районунун аймагында ишкерлер тарабынан дагы, шаардыктар тарабынан дагы санитардык эрежелерди сактабаган көптөгөн фактылар аныкталды. Атап айтканда, бет кап режими дээрлик сакталбайт, тазалоочу каражаттар жок же антисептикалык каражаттар толукталбайт.

* Октябрь районунда 78 чарба субъектиси текшерилип, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 293-берене боюнча 13 протокол түзүлүп, 26 эскертүү берилген.

* Ленин районунда биз 86 ишкердик субъектилерин кыдырдык: кафелер, сулуулук салондору, базарлар, дүкөндөр, интернет клубдар жана соода борборлору. Бир кафеге карата үч миң сомдук протокол түзүлдү.

* Биринчи Май районунун жыйын залында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана коопсуздук эрежелеринин сакталышын күчөтүү максатында бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү», — деп жазылат маалыматта.