Ош ОИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында “А” аттуу жаран жасалма АКШ долларын пайдаланып жана чоң өлчөмдөгү жасалма акчаларды алмаштырам деп жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынган.

Бул маалымат боюнча 15.03.2021-жылы Ош ОИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту(Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) каралган кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жана ыкчам маалыматтардын негизинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында Өзгөн районунун Старая Покровка айылынын тургуну 34 жаштагы К.Г. 2000 АКШ долларын бирөөгө берип жаткан жеринен кармалып, К.Г.кармалган. Кармалган учурда 20 даана 100 АКШ долларга окшогон акча каражаты табылып алынган.

Алынган акча каражаттарына тиешелүү экспертиза дайындалып, экспертизанын кортундусуна ылайык 20 даана 100АКШ долларындагы купюралар түстүү лазердик принтердин жардамында чыгарылгандыгы аныкталган.

Шектүү К.Г. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98, 99-беренелеринин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы