Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол-автожол» – «Кордай автожол»  көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ачылыш салтанатына катыштыБул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Көзөмөл-өткөрүү пункттарын ачуу аземине, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин да катышкан.

Премьер-министр өз сөзүндө, өткөрүү пункттарын реконструкциялоо жана модернизациялоонун негизги максаты Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасын кесип өткөн адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп санала турганын белгиледи.

«Өлкө жөнүндө алгачкы пикирлер чек арадан башталат. Ошондуктан жаңыдан ачылган өткөрүү пункттары эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берет жана заманбап жабдылган.

Паспорттук көзөмөлдөн өткөрүү кабиналарынын саны көбөйтүлгөн, ал чек араны кесип өтүүчү жарандардын убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет. Өткөрүү пункттарынын ачылышы экспорт жана импорттун көлөмүн жогорулатууга, эки өлкөнүн транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган стратегиялык милдеттерди чечүүгө карай кадам болуп саналат», — деп билдирген Марипов.

Белгилей кетсек, «Ак-Жол-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоо жана модернизациялоо иши 2020-жылы башталган. Долбоордун жалпы сметалык наркы 342,3 миллион сомду түзөт.

Реконструкциялоодон соң көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулайт.