Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамбет Мамакеев II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
Мамлекеттик сыйлыкты 2-апрелде президент Садыр Жапаров тапшырды.
Мамлекеттик сыйлыктар жалпы 125 адамга берилди. Алардын арасында саламаттыкты сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү бар.
Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.
Медицина илимдеринин доктору Мамакеев дүйнөдө эң узак иштеген хирург катары Гиннестин рекорддор китебине катталган.