Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Баткен облусуна иш сапары менен барып, облус аймагындагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрү,    кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач Кызыл-Кыя ШИИБнин өздүк курамы менен жолугуп, убактылуу кармоо изоляциясынын абалы, бүгүнкү күндөгү шарты менен таанышты. Андан соң Кадамжай РИИБнин жаңыдан курулуп, курулушу аяктап калган имараты менен таанышып, өздүк курамга алдыда келе жаткан жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүнү, алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, добуш сатуулардын алдын алууну, ошол эле учурда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү талап кылды.

Лейлек районунун коңшулаш Тажикстан менен чектешкен аймактарга барып, өздүк курамдын кандай шартта, кандай деңгээлде иш алып бара жаткандыгын жеринде көрүп, мамлекеттин бүтүндүгү, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө, тартипти сактоо милиция кызматкеринин негизги милдети экендигин баса белгилеп өттү. Сүлүктү шаарына болгон иш сапарында ички иштер бөлүмүнүн өздүк курам менен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасынын, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн (Баткен шаары),  Баткен райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолукканда 1, 2, 3-апрель күндөрү өткөрүлүп жаткан “Коопсуздук 2021” аталышындагы командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууларына катышкан кызматкерлердин даярдыктарын текшерип, кошумча тапшырмаларды берди.

Баткен ОИИБнын бөлүм башчыларына жыйын өткөрүп, ички иштер министри Улан Ниязбековдун учурдагы койгон талаптарын, тапшырмаларын жеткирип, кызматкерлер арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу, милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгүн жандантуу боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Октябрь Урмамбетов өздүк курам арасынан берилген суроолорго жооп берип, “Милиция кызматкерлери эл үчүн жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн кызмат кылуусу керек”,- деп сөзүн жыйынтыктады.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы