“Ош” эл аралык аэропортун реконструкциялоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар болгону аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан  маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аэропортто 2019-2020-жылдары перронго жаңы материал төшөө жана байланыш тармагын жаңылап чыгуу учурунда мыйзам бузулуп, мамлекетке зыян келтирилгени аныкталды.

2020-жылдын сентябрь айынан тарта 2021-жылдын январь айына чейин “Манас” жана “Ош” аэропортторунун айрым кызматкерлери тарабынан аткарылган иштер тиешелүү документтери туураланбай туруп кабыл алынган.

Текшерүү учурунда курулуш материалдарынын жана жасалган иштердин баасы 3 миллион 400 миң сомго жогору көрсөтүлгөнү белгилүү болгон. Ошондой эле перрондун айрым жерлериндеги асфальт сапатсыз төшөлгөнү аныкталган.

Бул факты 320-берене “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана 233-берене “коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” менен каттоого алынып, УКМКга өткөрүлүп берилген.