Президент Садыр Жапаров Россияга учкан үзгүлтүксүз аба каттамдардын саны жана авиабилеттердин баасы боюнча түзүлгөн кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Жапаровдун Телеграм-каналына жазылды.

“Албетте, маселе татаал, бардыгы бизден гана көз каранды эмес, бирок бул кырдаалдан чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз. Россияга иштеп келүүгө жол таба албай жаткан жарандарыбыз үчүн бул канчалык маанилүү экенин билип турам. Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн биз колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалып жатат. Турак жайы жок жарандарыбызды үй менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар”, — деп жазган өлкө башчы.

Жапаров аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандандырууга аракет кылынып жатканын белгиледи.

“Бирок бул маселе Казакстан менен Россиядан көз каранды. Казакстандын өкмөтү транзитти жандандырууга бүгүн макулдугун берди. Эми Россия тараптын жообун күтөбүз. Кыргызстандан Россияга аба каттамдарын көбөйтөлү десе, Кыргыз бийлиги каршы болуп жатат деген чагымчылдардын сөзүнө ишенбегиле. Тескерисинче, көптөн бери Россия тараптан чартердик рейсттерди көбөйтөлү деп суранып келе жатабыз. Маселе бизде эмес. Бардык көйгөй коронавируска дагы байланыштуу болуп жатат”, — деп жазылган маалыматта.