Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген туруктуу улуттар аралык  каналын түзүп алган баңгилик топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. 

Жакында ИИМдин БМЖКККнын ыкчам-издөө башкармалыгынын кызматкерлерине  40-45 жаштагы жаран Бишкек жана Чүй облусунун аймактарына баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Алынган маалымат боюнча текшерүү жүргүзүүдө милиция кызматкерлер шектүүлөрдү аныкташкан.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) белгилери менен катталган.

Жүргүзүлгөн мындан аркы тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында БМЖКККнын ЫИБнүн кызматкерлери тарабынан Өзбекстан Республикасынын 1974-жылы туулган Б.О. жана бир нече жолу соттолгон 1974-жылы туулган А.М.  аттуу жарандары кармалган.  Алынган маалыматтарга ылайык, ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат.

Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүнүн жашаган үйүнүнөн атайын жабдылган көмүскө жай табылып, ал жайдан беш даана таңгакталган 7 кг 500 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты  алынган.

Аталган факт боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинини алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө  иш-чаралары улантылууда.

ИИМдин БМЖКККныны Басма сөз кызматы