Кылмыш-кырсык
Лейлекте мыйзамсыз ташылып келе жаткан 3 тонна лимон жүктөгөн унаа кармалды
Баткен облусунда контрабандалык жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-апрелде УКМК тарабынан чек ара аймактарындагы аткезчилик каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Баткен облусунун Лейлек районунда жемиштердин контрабандалык жүктөрү салынган унаа кармалды.
«Жалпы көлөмү 3 тоннаны түзгөн лимон түрүндөгү контрабандалык жүктөр Кыргыз өлкөсүнө сатуу үчүн тиешелүү документтерсиз коңшу республикадан мыйзамсыз келген. Учурда иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда», — деп билдиришти мекемеден.