Салмоор Жумабеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалганын, Коопсуздук кызматындагы жеке булактарына таянуу менен «Kaktus.media» жазып чыкты.
“ Салмоор Жумабеков белгилүү хирург, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун (4-шаардык оорукана) жетекчиси Сабырбек Джумабековдун уулу. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Дастан Жумабековдун тууганы.
Салмоор Жумабеков буга чейин УКМК АКСинде жетекчи кызматтарда иштеген”, — деп айтылат маалыматта.