Түркияда 2-апрелде,  40 миң 806 коронавирустун жаңы учурлары аныкталды — бул пандемия башталгандан бери  эң жогорку өсүш. Бул тууралуу кечээ, 2-апрель, жума күнү «Turkish Minute» жазып чыкты.

Ошол эле учурда, бир суткада коронавирус менен ооруган 176 бейтап каза болгон.

Оорунун көрсөткүчтөрү,  үчүнчү күн катары менен рекорддорду жаңыртып жаткандыгы белгиленди.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахриддин Хожанын айтымында, акыркы жумаларда ооругандардын 75 %  коронавирустун британ штаммын жугузгандар.

Пандемия башталгандан бери Түркияда 3,4 миллиондон ашуун адам илдетке чалдыккан. Аталган өлкө бул көрсөткүчтөрү менен дүйнөдө 8-орунда турат.

Буга чейин дүйнөдө оору жугузгандардын саны 130 миллиондон ашкан. Акыркы суткада эле 686 миңден ашуун адамдан илдет аныкталган.

Ошондой эле, ДССУнун башчысы COVID эмдөөсүн баштаган өлкөлөргө кайрылгандыгы маалымдалды. Тедрос Аданом Гебрейесус 10-апрелге чейин калкты коронавируска каршы эмдөө процесси дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө башталат деп үмүттөнөт.