Канайым Айгүл Асанбаева угуусу начар жана кеч уккан балдар үчүн республикалык жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына барды.

Интернаттын тарбиялануучулары иш-чаранын конокторуна концерттик программа тартуулашып, биринчи айымга көңүл буруп, кам көрүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Интернаттын директору Эркингүл Сатывалдиеванын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү мекемесинин аймагына 150 түп көчөт отургузуу пландалууда.

«Бизде 300дөн ашуун бала бар. Бүгүн алар биринчи айым менен таанышып, аны менен ишембиликке чыгышты. Айгүл Жапарова бизге тамак-аш азыктарын жана балатынын көчөттөрүн алып келди», — деди Эркингүл Сатывалдиева.