2021-жылдын 3-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өздөрүнө тиешелүү аймактарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча жумуштарын колго алды.
Өздөрүнө тиешелүү аймактардагы бак-дарактардын жалбырактарын, таштандыларды тазалашты.
Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан аймактарды көрктөндүрүү боюнча иш-чараларын жапырт колго алынганын баса белгилейбиз.
ИИМдин Басма сөз кызматы