Бүгүн, 3-апрелде Корея Республикасынын улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, парламенттик делегацияны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Белгилей кетсек, 3-5-апрель күндөрү боло турган сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөт. Ошондой эле меймандар Ысык-Көл облусуна да барып, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат.