«Памирлик кыргыздардын кыйынчылыктары мени дайыма тынчсыздандырып келет. Мен аларды тарыхый Мекенине толугу менен көчүрүп келүүнү көптөн бери каалап келгем, эми ушул тилектеримди ишке ашырууга ниеттенип жатам», — деди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылына Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памир аймактарынан көчүп келген этникалык кыргыздар менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысына өлкөнүн Өкмөтү Талды-Суу айыл өкмөтүнөн этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга жер бөлүп бергендиги маалымдалды.

Мамлекет тарабынан Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, аларга  17 үй-бүлө жайгаштырылып, үй тиричилигине жана азык-түлүгүнө  жардам көрсөтүлгөн. Бюджеттик каражаттардан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр тарабынан каржылык жардам берилген.

Президент ошондой эле көчүрүлүп келип жайгаштыруу мерчемделип жаткан Памирде калган афгандык кыргыздарга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу участкасына турак жайларды куруу долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысы жергиликтүү бийлик органдарынын көңүлүн памирликтер үчүн бирдиктүү конушка зарыл болгон жер тилкелерин тезинен трансформациялоого бурду, конушка билим берүү жана социалдык мекемелердин курулушу сөзсүз каралышы зарылдыгын белгиледи.

Ал бул маселени иштеп чыгууну быйыл баштоо керектигин кошумчалады.

Памирлик кыргыздар менен болгон баарлашууда Садыр Жапаров калган афган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин өз Мекенине көчүрүү ниети жөнүндө айтты — бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар.

Анын белгилешинче, 2017-жылы көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар көнүшө албай кыйынчылык тартып жатышат жана Өкмөттөн дайыма жардам суроого аргасыз болушууда.

«Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө болот, биз аларга жардам беребиз жана жер которгон адамдарды жылуулук, электр энергиясы жана башка керектүү нерселер менен камсыз кылууга каражат бөлөбүз», — деп баса белгиледи Президент.

Памирлик кыргыздар өзүлөрүнүн кайрылуусун мамлекет башчысына беришти. Анда мекендештерин жылуу кабыл алып, жаңы жерге жайгашууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылыктар айтылган. Мындан тышкары, алар Президенттен бир катар көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү: Памирге барып келүүну уюштуруу, жумуш менен камсыздоо, жаштарды окутуу, жарандыкты тездетип алуу ж. б.

Жолугушуунун катышуучуларынын бири, И.Арабаев атындагы КМУнун 1-курсунун студенти бир кезде Садыр Жапаров парламент депутаты болуп турганда «Тарыхый Мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын авторлорунун бири болгонун, ошонун аркасында бир нече жылдан кийин Памирдеги этникалык кыргыздар Кыргызстанга көчүп келүүгө мүмкүнчүлүк алышкандыгын канааттануу менен эскерди.

Көчүп келгендер Президентке ийгилик каалап, ага Памир кыргыздарынын салттуу кийимин белек кылып тапшырышты.

Өз кезегинде Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдар жакынкы аралыкта жолугушууда айтылган маселелерди, анын ичинде көчүрүлүп келген памирлик кыргыздарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын эртелетип берүү маселесин иштеп чыгууга кирише тургандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы Талды-Суу айылынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен да баарлашты. Алардын жер тилкелерин трансформациялоо, жер тилкелерин берүү, социалдык жөлөк пулдар, пенсиялар жана башка көйгөйлүү маселелерин укту.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийликтин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн жергиликтүү тургундар айткан маселелерди тез арада чечүүгө бурду.