Өткөн жумада Бишкек шаарында 5582 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу   Патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 59 айдоочу мас абалында унаа башкарган, 15и караңгылатылган унааларды башкарган, 88 адам айдоочулук күбөлүгү жок токтотулган, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 113 жаран жол эрежесин бузган.

502 унаа айып аянтчасына коюлган.

Патрулдук милициянын кызматкерлери шаардыктардан өздөрүнүн коопсуздугу үчүн Жол кыймылынын Эрежелерин так сактоону суранышат.