Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү 2007-жылы туулган бала мал кайтарып жүрүп, кар көчкүсү түшкөндө  дайынсыз жоголгон. 3-апрелде жоголгон баланын ата-энесинин макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулган.

Кечээ, 4-апрель күнү кайра издөө иштери башталганын  ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерге издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМнын Алай районунун башчысы, Алай райондук №68 өрт куткаруу бөлүгүнөн 9 куткаруучу, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 20 куткаруучу, жалпы 29 куткаруучу жана ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, натыйжа болгон эмес.