Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында болду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Кайрат Иманалиев театрга жаңы кабыл алынган труппанын катышуусунда коюлуп жаткан 7-апрель элдик революцияга арналган спектаклдин этаптык жүрүшүнө токтолду.

Мындан сырткары Талас облустук китепканасынын 75 жылдыгына карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктардан кабар алды.

Ошондой эле Талас шаарындагы музыкалык мектептин учурдагы жасап жаткан иштери жана «Манас Ордо» улуттук тарыхый-маданий комплексинде жүрүп жаткан жаңыланууларды эмгек жамаат менен талкуулады.