Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 7-класстын окуучусу төрөгөн мектепке жаңы директор келди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу  билдирди.

Белгилей кетсек, мурунку директор жашы жете элек окуучу кыз төрөгөн  окуядан кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

«Дене тарбия мугалими Бурурманкул Урсалиев бүгүнкү күнгө директор болуп дайындалды. Ага 3 айлык сыноо мөөнөтү берилди. Бул кызматка башка талапкерлер болгон жок. Форс-мажордук кырдаал болгондуктан, айыл өкмөт тез арада кызматка дайындоо боюнча менин жарлыгымды бекитти. Команда дагы буга каршы эмес ”, — деди Талант Эмилбек уулу.

Эске салсак, 1-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 7-класстын окуучусу төрөгөн. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулунун айтымында, мектеп окуучусунун кош бойлуу экендигин ата-энелери дагы, мугалимдери дагы билишкен эмес.

Милиция факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.