Коом
Министрлик коронавируска каршы вакцинанын оң жана терс жактарын айтты
Вакцинанын башкы артыкчыгы иммунитетти активдештирүүсү жана COVID-19ду жок кыла турган антитела иштеп чыгуусу болуп саналат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, коронавируска кабылган адам оорубайт, же оору жеңил формасында өтөт. Жугуу деңгээли адамдын жеке өзгөчөлүгүнөн көз каранды, аны алдын ала айтуу мүмкүн эмес.
Бирок эмдөөдөн кийин төмөндөгүдөй жагымсыз реакциялар болушу ыктымал:
-дарыга аллергиялык реакция пайда болушу мүмкүн. Ар бир адамда алдын-ала билүүгө болбой турган жеке реакция;
-организмде дене табы көтөрүлүү, баш оору, жалпы кбатсыздык, муун оорулары;
-укол сайган жер шишип же ооруксунуусу;
-ичеги-карын ооруларынын бузулушу, тамакка табит жоголушу.