Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы (КНА) күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 6-9%га көтөрүлүшүн божомолдошууда.

Алардын маалыматына ылайык, мунайга болгон дүйнөлүк баанын өсүшү 2021-жылы 2-апрелге карата, Brent маркасындагы мунайдын баасы дээрлик 65 долларды түздү. Мындан тышкары, россиянын мунай базарларындагы мунайзаттарга болгон баа, КММнын дүң баасынын көтөрүлгөнү  байкалат.

КНА жергиликтүү май куюучу жайларда акыркы баалардын көтөрүлүшүн шарттаган кошумча фактор сомдун АКШ долларына карата олуттуу девальвациясы болгонун белгиледи, анткени дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, мунайды кайра иштетүүчү заводдордон мунай заттарын сатып алуу эл аралык валюта менен, ал эми Кыргызстандын аймагында сатуу – кыргыз сому менен жүргүзүлөт.

“Жогорудагы кырдаалды эске алуу менен апрель айынын аралыгында Кыргызстандын КММ базарларында бензин тобуна 6%, дизель отунга 9%га чейин кымбатташы мүмкүн. Муну менен катар нефтетрейдерлер компаниялары баалардын өсүүсүн текшилөө жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөө саясатын улантат”,-деп айтылат билдирүүдө.