Бүгүн, 5-апрелде  Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарында жайгашкан ички иштер органдарынын горнизондук саптык кароосу болуп өттү. Бул иш-чара келе жаткан шайлоо жана референдумду өткөрүү күнүнө утурлай уюштурулуп, негизги максаты бул маанилүү саясый иш-чарага карата коомдук коопсуздукту сактоо боюнча укук коргоо органдарынын даярдыгын текшерүү эле.

Горнизондук саптык кароо Ош шаардык, Ош облустук ички иштер башкармалыктарынын, күзөт кызматынын, ички аскерлеринин, атайын багыттагы бөлүктүн жетекчилиги, өздүк курамы катышышты. Өздүк курамга шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартипти сактоо боюнча нускамалар берилип, милдеттери жана укуктары түшүндүрүлдү. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков өздук курамдан бул күндөрү мыйзамдуулукту сактап, шайлоо өнөктүгү учурунда аныкталган, келип түшкөн ар бир маалыматтарга тез арада, өз убагында көӊүл буру зарылдыгына токтолду. Жеке кызматтык тартипти сактоону талап кылды.

Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаков өз сөзүндө ички иштер органдарына кайрылып, төмөндөгүлөргө токтолду: Урматтуу кесиптештер! Урматтуу ардагерлер! Урматтуу элдик кошуундардын эр азаматтары! Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануу, жана анын жүрүшүндө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүү керектигин белгилеймин. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча бир катар иштерди аткарып жатабыз. Бул багытта коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча Ички иштер министрлигинин тапшырмасы бардык ички иштер органдарына аткарууга жөнөтүлдү. 2021-жылдын 5-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөгө киришет. Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаровдун бизге берген тапшырмасына ылайык шайлоолор таза жана акыйкат өтүш керек. Шайлоого карата бардык тартип бузууларга, анын ичинде добуш сатуу жана сатып алуу фактыларына бөгөт коюу биздин милдет. Эгерде ушундай фактылар аныкталса, анда мыйзам чегинде чараларды көрөбүз.

Менин Сиздерге койо турган негизги тапшырмаларымдын өзөгүн эки негизги багыт түзөт. Биринчиси, ички иштер органдарынын өздүк курамы коомдук коопсуздукту сактоону жогорку деңгээлде уюштуруп, шайлоого байланышкан укук бузуулар катталган болсо ага таза жана акыйкат иликтөө жүргүзүп, ыкчам чечимдерди кабыл алабыз. Ошол эле убакта ИИМдин ардагерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге коопсуздук чараларын күчөтүүгө тийишпиз.

Экинчиден, Биз шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда ар кандай тартип бузууларга жол бербешибиз керек. Ички иштер органдары борбордук шайлоо комиссиясы, жер-жерлердеги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, укук бузууларга өз учурунда чаралар көрүүнү колго алабыз. Мындай жооптуу иш бизден тактыкты, туура ыкчам чечим кабыл алууну, мыйзамды урматтоону жана кесипкөйлүктү талап кылат. Бизге берилген бардык тапшырмалар өз убагында, ыкчам жана кынтыксыз аткарылууга тийиш. Ички иштер органдарынын бир гана милдети бар, ал милдет элдин коопсуздугун сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү. Ошондуктан, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыздап, бардык күч-каражаттар белгиленген тартипте жүргүзөбүз.

Биз бардыгыбыз Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторун жабдыктары менен кайтаруу, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоого байланыштуу бардык тиешелүү чараларды көрөбүз жана аткарабыз. Жогорудагы мен белгилеген багыттар Сиздерге тапшырма катары берилип жаткандыгын дагы бир жолу эскертемин. Андан соӊ Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаков, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жеӊиш Абитов ар бир бөлүктүн кызматкерлери менен баарлашып, алардын келе жаткан ири саясий иш-чарага карата даярдыктары менен таанышып чыкты. Аныкталган айрым кемчиликтерди тез арада жоюу зарылчылыгына токтолду. Иш-чара салтанаттуу марш менен жыйынтыкталды.

ИИМдин Басма сөз кызматы