Россиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди
Россиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Ош шаарында, ал эми 5-апрелде Бишкекте Башкы консулдуктун жана Россия элчилигинин катышуусунда РФдагы келген ун түрүндөгү жардамды өткөрү берүү иш-чарасы болгон.
Маалыматка ылайык, азык-түлүк 5 миң 500 үй-бүлөгө жана өлкөнүн аймактарындагы 78 мептеп окуучусуна максаттуу таратууга багытталган.
Жардам берүү Россия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасы фондуна 9 млн доллар көлөмүндө ыктыярдуу максаттуу төгүмдөрүнүн алкагында ишке ашты.
“Россия Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча мындан башка дагы эл аралык долбоорлорду каржылоону улантат. Россиянын финансылык жана техникалык жардамынын аркасында республиканын 700 мектебиндеги 400 миңге жакын окуучу ысык тамак-аш менен камсыз болду”, — деп айтылат билдирүүдө.