Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-март айларында 8 млрд 781 млн 200 миң сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу аталган мекеменин  басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, белгиленген план 102,7%га аткарылды же 231,2 млн сомго көп жыйналды.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 750 млн 300 миң сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 109,3 %ды түздү.