Жаратмандар
Дүйнөдөгү эң узун “фата” кийген колукту Гиннесстин рекорддор китебине кирди
Кипрдин тургуну үлпөт тоюнда, дүйнөдөгү эң узун “фата” кийип, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Hindustan Times билдирди.
Маалыматка ылайык, Мария Параскева 6962 метрлик үйлөнүү үлпөт баш кийимин жасаган.
«Мен кичинекей кезимден бери эң узун “фата” кийип, Гиннес рекордун жаңыртууну эңсечүмүн. Аны жаюу үчүн мага алты сааттай жана 30 ыктыярчы талап кылынды ”, — деп жазат Мария.
Социалдык тармактын колдонуучулары, бул көрүнүшкө түрдүү пикирлерди калтырышууда. Айрымдар таң калганын жашырбаса, кээ бирөөлөр, жайылган фатаны жөргөмүштүн желесине окшоштурушкан.