Бишкекте жылуулук 6-апрелден тарта өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду. Документке ылайык, мындай чечим апрель айына катара аба ырайын карап чыгуу менен кабыл алынды.

Эске салсак, беш күн катары менен абанын орточо температурасы +8 градустан түшпөсө жылуулук берүү токтотулат.