Бүгүн, 6-апрелде, Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Апрель баатырлары унутулбайт» аталышындагы иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чара 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата уюштурулуп, саат 18.00дө башталат.

Анын алкагында Маданият министрлиги тарабынан жарыяланган «Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар уулуң чагылганга» аттуу республикалык поэзия сынагынын жеңүүчүлөрү чыгармаларын көркөм окуйт. Ошондой эле «Баатырларга» реквиеми жаңырып, театрдын фойесинде «Элдик революция күнүнө» аттуу сүрөт көргөзмө тартууланмакчы.

7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү болуп саналат. Жалпысынан 2010-жылдагы ал окуяларда 123 адам өмүрү менен кош айтышып, миңден ашуун киши жаракат алган. «Ала-Тоо» аянтында 87 адам көз жумса, 36сы кийин каза болгон. Ошол кездеги мамлекет башчы Курманбек Бакиев бийликтен кеткен.