Коронавируска байланыштуу мэрия Бишкек шаарынын айрым жарандарынан өзгөчө зарылдык жаралмайынча сыртка чыкпай туруусун өтүнөт. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

“Урматтуу шаардыктар жана шаардын коноктору, коомдук жайларда дагы деле COVID-19 илдетин жуктуруп алуу коркунучу бар. Өзгөчө тобокелдик тобуна кирген (55 жаштан жогоркулар) жарандар зарыл болбосо үйүнөн чыкпай эле койгону туура болот”, — деди Чыныбаева.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Айнагүл Рыскулованын айтымында, Бишкекте эпидемиологиялык абал анча жакшы эмес. Ушу тапта Бишкек шаары кызыл зонага кирди.