Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.

Бүгүн, 6-апрелде аталган айылдын жергиликтүү 80дей тургуну ӨКМнын кызматкерлери менен бирге издөө иштерин жүргүзүүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ, 5-апрелде жалпы 30 куткаруучу жана ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылган. Саат 19:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес.

Бүгүн да издөө иштери улантылууда.