2021-жылдын 2-апрелинде Ош ОИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн укук бузууларын алдын алуу жана алардын коопсуздугун камыздоо максатында түнкү рейд өткөрүлдү.

Иш-чара жаш өспүрүмдөрдүн криминогендик абалын эске алуу менен Ош облусунун бардык райондорунда өткөрүлдү. Түнкү рейддин жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр көп чогулушу мүмкүн болгон бильярд ойноочу, компьютердик клубтар, эс алуучу бактар, кафелер текшерилип,  түнкү күзөт уюштурулду.

Түнкү рейд иш-чарасынын учурунда чоң адамдардын көзөмөлүсүз жүргөн 74 жаш өспүрүм аныкталды. Жаш  балдардын укук бузууларын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өз милдеттерин туура аткарууну жана түнкү убакта балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулушу мүмкүн экендиги эскертилди. Аныкталган жаш өспүрүмдөр билим берүү мекемелеринде окугандыгы тастыкталып, мындай көрүнүштөрдүн адын алуу үчүн мекемелердин администрациясына тиешелүү материалдар жөнөтүлдү.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы эскертет, Кыргыз Республикасынын 21.07.2015-жылдагы №185 сандуу “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” Мыйзамында, түнкү убакытта ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) коштоосусуз жүрүүсүнө  тыюу салынат.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы