Бул иш президенттин калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча жарлыгынын негизинде ишке ашып жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта жеке жана юридикалык жактардан, мамлекеттик органдардан берилчү маалым каттар менен документтерди кагаз түрүндө талап кылуу жол-жобосу жоюлду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө берилүүчү маалым каттардын жана документтердин тизмеси:

 

  1. Салык төлөөчүнүн салыктык карызы жоктугу жөнүндө маалым кат;

 

  1. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалым кат;

 

  1. Салык каттоосу жөнүндө маалым кат;

 

  1. Пенсия алуу фактысы жөнүндө маалым кат;

 

  1. Камсыздандырылган жактын жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө;

 

  1. Ишкерлик иш жөнүндө маалым кат;

 

  1. Кыймылдуу мүлкү бар экендиги жөнүндө маалымат;

 

  1. Каза болгондугу жөнүндө күбөлүктөн маалымат;

 

  1. Даректик маалым кат;

 

  1. Бодо малдын бар экендиги жөнүндө маалымат;

 

  1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык/таандык эместиги жөнүндө маалым кат;

 

  1. Кыймылсыз мүлкү жоктугу жөнүндө маалым кат;

 

  1. Товардык белгилер боюнча маалымат;

 

  1. Кыргызстандын аймагында соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымат (толук эмес маалым кат);

 

  1. Аскер кызматын өтөгөндүгүнө байланыштуу социалдык кепилдиктерди пайдаланган, башка мамлекеттердин аймагындагы күжүрмөн аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалымат;

 

  1. Психоневрологиялык диспансерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымат;

 

  1. Наркологиялык диспансерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымат;

 

  1. Юридикалык жактардын, филиалдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;

 

  1. Никеге туруу жөнүндө күбөлүгүнөн маалымат;

 

  1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн маалымат;

 

  1. Никеден ажыратуу жөнүндө күбөлүгүнөн маалымат;

 

  1. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча камсыздандырылгандыгы статусу жөнүндө маалым кат;

 

  1. Патенттин көчүрмөсү;

 

  1. Иштеген жеринен маалым кат;

 

  1. Жумушсуздун расмий статусу жөнүндө маалым кат;

 

  1. Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым каты (майыптыгы жөнүндө күбөлүк);

 

  1. Жумушка жарамсыздыгы жөнүндө барак (эмгекке жарамсыздык барагы);

 

  1. Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы жөнүндө маалым кат;

 

  1. Күжүрмөн аракеттерге катышкандыгы жөнүндө маалым кат (Улуу Ата Мекендик согуш);

 

  1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин линиясы боюнча пенсиялык камсыздоо жөнүндө маалым кат;

 

  1. Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;

 

  1. Медициналык ишке лицензия;

 

  1. Спорттук наамдары бар экендиги жөнүндө маалым кат;

 

  1. Бошотулгандыгы жөнүндө маалым каттын дубликаты;

 

  1. Диний уюмду эсепке алууну каттоо жөнүндө күбөлүк;

 

  1. Кыймылсыз мүлктү камакка алуу жөнүндө маалымат;

 

  1. Кыймылдуу мүлктү камакка алуу жөнүндө маалымат;

 

  1. Улуттук паспорттор жөнүндө маалымат;

 

  1. Аталыгын аныктоо жөнүндө маалымат;

 

  1. Жубайы, балдары жана ата-энеси жөнүндө маалымат;

 

  1. ФАА алмаштыруу жөнүндө маалым кат;

 

  1. Үй-бүлөлүк статусу жөнүндө маалымат.

Белгилей кетсек, ушул тизмектин 8, 19, 20, 21, 39, 40, 41 жана 42-пунктуларында көрсөтүлгөн жарандык абалдын актылары жөнүндө маалым кат же документтерди кагаз түрүндө суроону жоюу 2015-жылга чейин катталган жарандык абалдын актыларына жайылтылбайт.