Бишкекте 12-апрелден баштап коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканга чейин балдар бакчасы кайрадан жабылып, окуучулар онлайн окууга өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ,6-апрелде, шаардын эпидемиологиялык комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.

«Шайлоо тилкелери жайгашкан 14 бала бакча 2021-жылдын 8-апрелинен тарта жабылат», – деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кошумчалашкандай, учурда шаарда санитардык көзөмөл күчөтүлүп, чарбалык субъекттер боюнча мобилдик бригадалардын саны көбөйтүлгөн.