Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты.

Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле алардын урматына Куран окулуп, эскеришти.

Андан кийин Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.

Возможно, это изображение (1 человек, стоит и на открытом воздухе)

Возможно, это изображение (один или несколько человек, люди стоят, памятник и на открытом воздухе)