Акыркы суткада, өлкөдө   222 адам коронавирус жуктуруп 4 бейтап каза болду. Бул тууралу саламттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Бишкек — 183;
Ош шаары — 4;
Чүй облусу – 24;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу — 1.

Жалпы 89 миң 660 адам коронавирус жуктуруп алган.

Каза болгондордун үчөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда катталды. Жалпысынан 2020-жылдын март айтынан бери Респбулика боюнча аталган илдеттен 1516 жаран каза болду.