Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы Бишкектен уурдалып, кийин киши колдуу болгон кыздын окуясы боюнча жаңы жагдайларды айтты.

Тергөөнүн жүрүшүндө күч органдары Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаанын ээсин аныкташкан. Унаа ээси Н.К. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну машинаны К.Д. аттуу адамга ижарага бергенин билдирген. Ал эми К.Д. аттуу киши Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаа менен анын Т.З. аттуу улуу агасы иштээрин айткан.

«Дал ошол автоунаа менен 36 жаштагы Т.З. аттуу адам тааныштары менен К.А. аттуу 27 жаштагы кызды ала качып белгисиз тарапка кетишкен», — деп жазылат билдирмеде.

Кызды ала качкан 5-апрель күнү милиция кызматкерлерине Honda Civic үлгүсүндөгү автоунаанын Ак-Өргө жаңы конушунан батыш тарапты көздөй багыт алгандыгы тууралуу маалымат түшкөнү айтылды. Буга байланыштуу Сосновка айылындагы постуна кошумча милиция коюлган.

Күбөлөрдүн милицияга берген маалыматы боюнча, 5-апрель күнү саат 19:00дөр чамасында апасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Айзада «сарсанаа болбогула, үйгө барам» деп жооп берген. 6-апрелге караган түнү болжол менен 2:00дө кыздын апасы милиция кызматкерлерине чалып, кызы үйгө келбегенин кабарлаган. Кыздын телефону апасы менен сүйлөшкөндөн кийин эле өчүп калганы аныкталган.

«Т.З. аттуу адам 27 жаштагы К.А. аттуу кыз менен төрт айдан бери тааныш экени маалым болду. Ал автоунаа менен кызга келип жүргөн. Күбөлөрдүн айтымында, 36 жаштагы Т.З. тааныштарына өлтүрүлгөн кыз тууралуу көп айтып, ага үйлөнөрүн да билдирген», — деп жазылат маалыматта.

Бишкектен уурдалган кыздын өлүмү

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Бул учур ошол жердеги кафенин видео байкоосуна тартылып калган. Бүгүн, 7-апрелде, милиция тарабынан изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган.

Жергиликтүү чабан автоунааны 5-6-апрель күндөрү эле көргөнүн айтып, бирок маани бербегенин билдирген. Ал 7-апрелде гана автоунаанын жанына барып, салондун ичинен эки адамдын сөөгүн көрүп дароо милицияга чалган. Милициянын алдын ала божомолу боюнча, 36 жаштагы киши уруш-талаштан кийин кызды муунтуп, андан кийин өзүн бычактап, өмүрүн кыйган.