Бишкек шаардык милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев бүгүн маалымат жыйындын жүрүшүндө Бишкекте өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындарына көңүл айтты.

Ошондой эле ал трагедиянын алдын ала албагандары үчүн маркумдун жакындарынан кечирим сурады.

“Окуяга катыштыгы бар шектүүлөрдүн баары мыйзам чегинде жооп беришет. Мен сөз берем. Кыздардын атасы жана катардагы жаран катары мен ар дайым кыз ала качууга каршымын. Эгерде менин эрким болсо, кармаганда курал колдонмокмун, бирок биз мыйзам чегинде иштешибиз керек», — деди ал.