«Бишкек ШИИБдин жетекчисинин маалымат жыйынынан кийин, Айзаданын окуясы мажбурлап никеге тургузуу максатында ала качуу беренеси менен туура эмес квалификацияланганы түшүнүктүү болду»,-деди  Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева.

Эл өкүлү  мырзалар зомбулукка, ала качууга жол берсе анда аял кишини министр кылуу сунушун айтты.

«Менин оюмча бул кылмыш атайын жасалган. Анткени шектүүнүн жанында бычак болгон. Ал Айзаданы үйүнө алып барбай, талаага алып барган. Мен муну мажбурлап никеге тургузуу деп эсептебейм, ошондуктан мен беренени кайра квалификациялоону суранам.

Эгерде биздин мырзалар аялдарга карата зомбулукка, ала качууга жол берсе, анда аял кишини министр кылалы. Бул баш аламандыктын чеги. Биз баарын салт-санаа менен актайбыз. Биз зордукчуну, адам өлтүргүчтү, судьяларды актайбыз. Качанкыга чейин эркектерди актай беребиз? Аялдар адам эмеспи?», — деди ал.