Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде, Эл аралык финансы корпорациясынын (ЭФК) Борбор Азия боюнча регионалдык өкүлчүлүгүнүн башчысы Кассандра Колберт менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

Өлкөнүн Эл аралык финансы корпорациясы менен мамлекет үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, жакынкы убакта эл аралык өнөктөштөр жана инвесторлор менен иштөөнүн натыйжалуу механизми түзүлөт, анткени учурда жеке сектордун өнүгүүсүнө түрткү берип, ишкерлерге колдоо көрсөтүү зарылдыгы турат.

Садыр Жапаровдун айтымында, инвесторлор менен иштөөнү жакшыртуу, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнө зарыл кепилдиктерди берүү максатында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин статусу жогорулатылып, ыйгарым укуктары кеңейтилет.

Ошондой эле, бул максатта тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды кабыл алуу, аны менен бирге башка зарыл чараларды ишке ашыруу пландаштырылууда. Анын жыйынтыгында бизнес жүргүзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эркин жана ачык-айкын шарттар түзүлөт.

Мындан сырткары, мамлекет башчысы Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын даярдоо боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Анын алкагында орто мөөнөттүк мезгилде өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталат жана экономиканы посткризистик мезгилден кийин калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Стратегияга ошондой эле жагымдуу инвестициялык климат түзүү, финансы секторун жана санариптештирүүнү өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тапшырмалар жана чаралар камтылат. Экономиканын артыкчылыктуу тармактары катары гидроэнергетиканы, транспорттук-логистикалык секторду, агроөнөржай комплексин, тоо-кен тармагын, туризмди, саламаттыкты сактоо системасын жана билим берүүнү өнүктүрүү аныкталган.

Эл аралык финансы корпорациясынын инвестициялык долбоорлорду колдоо, жеке секторду жана финансы рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча бай тажрыйбасын эске алуу менен Президент кызматташууну тереңдетүүгө өтө кызыкдар экенин билдирип, жеке секторго жана жеткиликтүү социалдык турак-жай курууга жеңилдетилген каржылоонун жаңы инструменттерин түзүүнү колдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Ошондой эле Садыр Жапаров санариптештирүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы биргелешкен ишти күчөтүүнүн маанисин белгилеп, күн нуру менен иштеген жана гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлордун үстүндө иштөөгө даяр экенин баса белгиледи.

Ошону менен бирге ал аэропортторду модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагындагы долбоорду ишке ашыруунун мааниси жөнүндө айтты.

Эл аралык финансы корпорациясынын регионалдык өкүлчүлүгүнүн башчысы Кассандра Колберт кыргыз тараптын айткан артыкчылыктуу багыттары уюмдун жакынкы келечектеги приоритеттерине толугу менен дал келерин баса белгиледи.

Ал жогоруда айтылган долбоорлорго жаңы инвестицияларды тартууда өлкөнүн чоң потенциалы бар экенин кошумчалап, анын жакшы географиялык абалын эске алып, Кыргызстанда аймактык транзиттик аба-хабын түзүү мүмкүнчүлүгүнө токтолду. Ал өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна жакшы таасирин тийгизет.

«Биз Кыргызстандын экономикасын коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен тезирээк калыбына келтирүү жана жарандардын жашоо-турмушун жогорулатуу боюнча биргелешип иштөөгө даярбыз», — деди Кассандра Колберт.

ЭФКнын Регионалдык өкүлчүлүгүнүн башчысы кыргыз тараптын айткан долбоорлорун ишке ашыруудагы аракеттерин толугу менен колдой турганын билдирип, биргелешкен жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экенин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров приоритеттүү максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу маанилүү экенин дагы бир жолу белгилеп, жеке секторду, финансы рыногун жана мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча мындан аркы кызматташтыкка үмүт артарын билдирди.

Маалымат үчүн: Эл аралык финансы корпорациясы (ЭФК) Дүйнөлүк банк тобунун мүчөсү катары жеке сектордун өнүгүшүн колдоп, жеке капиталды мобилизациялоо, компаниялар менен өкмөткө консультативдик жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча кызматтарды көрсөтүп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикалык жактан туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасы ЭФКга 1992-жылы кирген жана уставдык капиталдын 0,07%ына ээлик кылат. Корпорацияга киргенден бери ЭФК банк, микрофинансы, тоо-кен, айыл чарба, целлюлоза-кагаз секторлорундагы ар кандай долбоорлорго, ошондой эле түз инвестициялар фондуна 130,0 млн. доллар инвестициялаган.

Акыркы бир нече жыл аралыгында ишке ашырылган долбоорлорго мисалы катары Гемодиализ борборун (ЭФК саламаттыкты сактоо тармагындагы биринчи мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууга Өкмөткө жардам берди), ошондой эле түз инвестициялоочу биринчи «Highland Capital» фондуна салынган 8 миллион доллар инвестициясын атоого болот.

ЭФК ошондой эле 8% акциясына ээлик кылуу менен Кыргыз инвестициялык-насыялык банкынын (KICB) тең-уюштуруучусу болуп эсептелет.

Жакында ЭФК өлкөнүн санарип инфратүзүмүнө биринчи жолу инвестиция салып, өлкөдөгү ири жеке дүң кең тилкелүү байланыш оператору «ElCat LLC» ишканасына була-оптикалык линияларды көбөйтүү максатында 3 миллион доллар насыя берген.

Ошондой эле, Кыргыз инвестициялык-насыя банкына (KICB) калктын аз камсыз болгон катмары үчүн жеткиликтүү турак-жайларды каржылоо жана Кыргыз Республикасында ишкер аялдарды каржылоо үчүн 6 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя берилген.