Бишкекте 3 жашар кызды уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу  Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-апрелде болжол менен саат 13:36лар чамасында “102” кызматына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кыздын уурдалышы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Окуя болгон жерде 33 жаштагы В.И. аттуу аял жарандык никедеги жолдошу 3 жаштагы кызын BMW X5 үлгүсүндөгү унаага салып, уурдап кеткенин айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Ш.Ф.аттуу жаранды кармашкан. Шектүү Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп берилди.