Бишкектин криминалдык милициясынын кызматкерлери борбор калаада кызды уурдоого шек саналгандардын дагы бир катышуучусун кармады. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөө жана издөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектеги кыздын уурдалышына тиешеси бар 32 жаштагы З.Р. аттуу жаран кармалды. Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда аталган окуяга тиешеси бар башка жарандарды издөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин кыздын уурдалышына шектелип 29 жаштагы Р.А. аттуу жаран кармалган.

Белгилүү болгондой, 5-апрелде Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Ал эми,  7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган. Кыздын муунтуп өлтүрүлгөндүгү айтылган.