Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде, Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртону кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана аны андан ары арттыруу чаралары боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров Европа Биримдигиндеги Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон Венгрия менен мамилелерди жогору баалады.

Бул өнөктөштүктү мындан ары өркүндөтүү максатында Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелерин натыйжалуу чечүү үчүн Кыргыз-венгр стратегиялык кеңешин түзүүнү сунуш кылды.

Ал Венгрия премьер-министри Виктор Орбанга салам жолдоп, аны Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Садыр Жапаров соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү зарылдыгын белгилөө менен өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн оң динамикасын айтып, ошол эле маалда аны андан ары өнүктүрүүнүн чоң потенциалы бар экенине токтолду.

Мамлекет башчысы Венгриянын айыл чарбасындагы жаңы технологияларды колдонуу тажрыйбасына кызыкдар экенин билдирип, венгрия тарапка Кыргызстандын аймагына экологиялык таза продукция өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында мамлекет башчысы Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүүгө чакырып, бардык маселелердин тез арада чечилишине жана баш кеңсеси Бишкекте болгон Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун иштеп баштарына бекем ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров жалпы түрк тамырына негизделген өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын олуттуу потенциалын белгилеп, Петер Сийяртого эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто венгрия тараптын эки өлкөнүн стратегиялык мамилелерин олуттуу мазмун менен толтуруу ниети бар экендигин билдирди.

Анын белгилешинче, Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстанды экономикалык жактан өнүктүрүүгө венгриялык компаниялардын катышуусуна жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Петер Сийярто Виктор Орбанды чакырганы үчүн ыраазычылык айтып, Премьер-министр сөзсүз түрдө мүмкүнчүлүктү пайдаланып, сапар менен келип-кетерине бекем ишенимин билдирди.

Тышкы иштер жана соода министри Венгрия жетекчилиги Венгриянын Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) ишмердүүлүгүнө катышуусуна чоң маани берерин баса белгиледи. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кызматташтык кеңешинин алкагындагы Венгриянын позицияларын колдогондугу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Петер Сийярто ТМККнын Инвестициялык фондунун жана Өнүктүрүү банкынын башкы кеңсесинин Бишкекте ачылышын колдой тургандыгын айтты.

Ал Венгрияны Кыргызстандын Европадагы ишенимдүү досу экендигин тастыктап, 11 жыл мурун өз өлкөсү тышкы саясатын мындай стратегиянын алкагында негизги аймак деп эсептелген Чыгышка жана Борбор Азияга карай кеңейте баштаганын баса белгиледи.

Министр эки өлкөнүн тышкы иштер боюнча ведомстволорунун жетекчилеринин деңгээлинде Бишкек-Будапешт түз аба каттамдарын ачуу маселеси жигердүү иштелип жатканын маалымдады.

Мындан сырткары, Петер Сийярто кыргыз тараптын Венгрияда элчилик ачуу ниетине канааттанганын айтып, Бишкек шаарында Венгрия элчилигинин ишмердүүлүгү кеңейип, жакынкы мезгилде Европанын бир катар өлкөлөрүнө визалар бериле баштарын билдирди.

Ал Венгриянын Кыргызстан менен стратегиялык мамилелеринин жогорку деңгээлин кармоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын дагы бир жолу баса белгиледи.