Киото университетинин ооруканасынын адистери коронавирустун кесепетинен катуу пневмония менен ооруган бейтапка тирүү донордон өпкө трансплантациясын ийгиликтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты.

Дүйнөдөгү биринчи тирүү донордун өпкөсүн трансплантациялоо оор өпкө жаракатына чалдыккан бейтаптар үчүн келечектүү дарылоо болуп саналат.

Бейтапка  күйөөсү менен уулунун өпкөсүнүн бөлүктөрү алынган. Ал өткөн жылдын аягында коронавирусту жуктуруп алган, абалы акырындап начарлап, эки өпкөсү тең иштебей калган. Операция болжол менен 11 саатка созулган. Учурда бейтаптын жана эки донордун абалы канааттандырарлык.

Белгиленгендей, мындай операция дүйнөдө биринчи жолу жасалган – буга чейин коронавирус менен ооругандарга, комада жаткан донорлордун гана өпкөсү трансплантацияланган.