Ардактуу бишкектиктер! Сиздер менен “Ак Бата” партиясынын командасы жана мен күндө жолугушуп жаттык. Баарыңыздардын мага берген суроолоруңар, көтөргөн көйгөйлөр, суранычтар, каалоо-тилектер бизге чоң милдет такты!

Бишкегибиздин кандай абалга келип калганын ар бириңиздер айтып бердиңиздер. Шаардын борборунда, кичирайондордо, жаңы конуштарда, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жана жеке сектордо жашаган бардык шаардыктардын проблемалары дагы бир жолу ачык болду. Бишкектиктердин азыркы абалына чындап зээним кейиди!

Бир ай аралыгында мени менен, “Ак Бата” партиясынын командасы менен жолугушууга келип бергениңер үчүн, бизге ишеним артканыңар үчүн сиздерге башымди ийип, таазим кылам!

Бишкектиктер ар түрдүү көп улуттар жашаган, эркиндикти сүйгөн, дүйнөнүн башка борборундай шаар кылууга умтулган мыкты адамдар жашаган шаар! Ар бир жолугушууда сиздердин колдоону, үмүтүңүздөрдү сезип, көрүп, жоопкерчиликти билип турабыз.

Сиздер менин жана биздин команданын программасы, жасай турган иши менен таанышып чыктыңыздар. Эми сиздердин каалоо-тилектерди жана биздин программаны ишке ашыруу гана калды. Анүчүн 11-апрелде баарыңыздар шайлоого бир кишидей келип, биргелешкен ишибиздин акыркы чечимин чыгарып, “Ак Бата” партиясы үчүн добуш бересиздер деп күтөм.

Бардык жолугушууларда сиздер көрсөткөн ишеним, мага канат байлады! Силердин ишеним мага, “Ак Бата” партиясынын командасына зор күч берди!

Биз баарыбыз бириксек гана борборубузду өзгөртө алабыз! Бишкектиктер, ошон үчүн азыртан биригип, мени, “Ак Бата” партиясын шайлап бериңиздер! Күч бирдикте! Бириксек жеңишке чогуу жетебиз!

Сиздерди сыйлоо менен Нариман Тюлеев жана №19 “Ак Бата” партиясы

 Буйрутма берүүчү: «Ак Бата» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Абдымажимова (каттоодон өткөндүгүнө күбөлүк, №38, 22.02.2021-ж.). «Ак Бата» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.