Эгерде сиз зомбулукка кабыла турган болсоңуз, анда эң негизги милдет — өзүңүзгө жана жакындарыңызга зыянды азайтуу. Бул тууралуу Республикалык ден-соолукту чыңдоо борбору  Твиттерге жазды.

Мекеменин кеңеши боюнча,  чыр-чатактан алыс болуу керек. «Талашып-тартышпаганга жана агрессордун талаптарын аткарганга аракет кылыңыз. Эгерде өмүргө жана ден-соолукка коркунуч жаралса, анда агрессор турган жерден токтоосуз чыгып кетүүгө аракет кылыңыз. Милицияга чалыңыз же көчөдөгү адамдардан жардам сураңыз, дарыгерлерди чакырып, алган жаракаттарды көрсөтүңүз », — деп жазышат борбордун өкүлдөрү.

Эгер сиз зомбулук көрсөтүп жаткан жарандан качууну чечсеңиз, анда аны эч качан көрсөтпөңүз же ага билдирбеңиз. Ал буга жол бербөө үчүн баарын жасайт. Ал жок болгондо кезде кетүүгө аракет жасаңыз.

«Эгер сиз зомбулук көрсөткөн адам менен жашап жатсаңыз, үйдөн чыгып кетүү планын иштеп чыгыңыз. Кризистик борборлор, досторуңуз, үй-бүлөңүз аркылуу башпаанек табыңыз. «коопсуздук чемоданды» алдын ала чогултуп алыңыз: паспорт жана башка документтер, дары-дармектер, акча каражаттары, жеке гигиена каражаттары «, — деп кеңеш берет аталган борбордон.