Бүгүн 9-апрель күнү эрте менен 6.30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурган жаран өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Ал ич кийиминен аркан жасап, жылытуучу трубага асынып, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Аны постто турган милициянын прапорщиги Жанарбек Ибрагимов байкап калып, башкармалыктын нөөмөтчүсүнө билдирген.

Натыйжада нөөмөтчү милициянын подполковниги Жылдызбек Макамбаев жана посттогу милиционер, милициянын прапорщиги Жанарбек Ибрагимов экөө эсин жоготкон шектүүгө жасалма дем алдыруу аркылуу анын өмүрүн сактап калышкан. Милиционер кызматкерлердин ыкчам, кесипкөй аракети-оор кырдаалда жарандарга жардам көрсөтүү ыкмаларын билгендиги жаранды өлүмдөн алып калды. Андан соӊ тез жардам кызматына өткөрүп беришкен

Учурда өзүн өзү өлтүрүүгө шектүү жарандын абалы жакшы, өз алдынча дем алууда. Дарыгерлердин жана конвоирлердин көзөмөлүндө дарылоо мекемелеринин биринде жатат.
Шектүү 1992-жылы Токтогул районунда туулган, Россия Федерациясынын жараны. Ири салмактагы наркотикалык зат алып жүргөн жеринен Жалал-Абад облусунун аймагынан аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы