Нукура дары-дармекти жасалмасынан кантип айырмаласа болорун «Прайм» агенттигине RNC Pharma компаниясынын өнүктүрүү боюнча директору Николай Беспалов айтып берди.

«Негизи дарынын кутусунда маркалоо белгиси, жарактуу мөөнөтү жана сериясы көрсөтүлүшү керек. Бул белгилердин жок дегенде бири болбосо, демек, ал жасалма товар», — деди адис.

Ошондой эле адис көбүнчө кымбат баалуу дарылар жасалма болуп каларын айтты.

«Адатта бейтаптар кымбат баалуу дарылардын арзаныраактарын издеп жатып, сапатсыз товар алып алышат. Расмий түрдө ишеген дарыканаларда жасалма дары болушу дээрлик мүмкүн эмес. Көбүнчө интернет сайттар же тааныштар аркылуу алган препараттардан сак болуу керек», — деди Беспалов.

Мындан тышкары, ал эч убакта базардан жана көчөдөн дары сатып албоону кошумчалаган.