КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан  Сапарбаев, Туркия мамлекетинин ТИКА фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн программалык координатору Осмон УСТА менен жолугушту.  Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

 

Жолугушууда тараптар облустун саламаттыкты сактоо, билим берүү, ишкердикти өнүктүрүү, туризм жаатында кызматташуу пландарын талкуулашты. Өзгөчө чек аралаш аймактардын инфраструктурасын чыңдоо жана аймакты санариптештирүү багытында кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Эрлан Сапарбаев ТИКА уюмунун өкүлдөрүнө, Баткен облусу үчүн көрсөткөн буга чейинки колдоолору үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Баткен облусунда ТИКА уюмунун  атайын өкүлчүлүгүн ачуу, координациялык кеңеш түзүү маселелери каралып, бул багытта иш алып баруучу адистердин Туркия мамлекетинде тажрыйба алмашуусу  макулдашылды.

Белгилей кетсек ТИКА уюму буга чейин Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 76миң долларга капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн.