Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавында бүгүн, 9-апрелде иш сапары менен болду. Анда ал жергиликтүү калк менен жолугушуп, Ворухту Кыргызстандын башка аймагына алмашуу тууралуу сөз болбогонун жана болушу да мүмкүн эместигин белгиледи.

«Акыркы 19 жылда  аралыгында Ворухту айырбаштоо тууралуу сөз болгон эмес. Мен муну акыркы күндөрү ЖМКларда талкууланып жатканынан улам айтып жатам. Ооба чек араны чечүү убакытты талап кылат жана мында эмоцияга алдырбоо керек», — деген Эмомали Рахмон.

Ошондой эле Рахмон кыргыз тарап менен чек ара боюнча 19 жыл аралыгында 100 жолугушуу өткөнүн, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча расмий Дүйшөмбү 2016-жылы ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, бирок кыргыз тарап белгисиз себептерден муну артка жылдырып келе жатканын маалымдаган.

Ворух Тажикстандын Кыргызстанда жайгашкан эксклавы болуп саналат. Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш айылдары менен чектеш жайгашкан. Кыргыз-тажик чек арасындагы ызы-чуу көбүнчө ушул аймактан чыгып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы брифингде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоодогу негизги маселе Ворух анклавы экенин, бул боюнча Кыргызстан кошуна өлкөгө 2 сунуш бергенин айткан.