Бүгүн, 9-апрелде Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, БУУнун аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугуп,  7-апрелде ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясын талкуулашты.  Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Кыз ала качуу бул салт эмес — ал кылмыш, зомбулук деген пикирин айткан Омурбек Суваналиев, адам уурдоо менен мажбурлап никеге туруу деген бул жапаайычылык. Мындай зордук зомбулукка чыдабаган кыздарыбыздын окуясы, өлүм менен аяктаганы аябай өкүнүчтүү. Мындай каргашалуу окуялардын кайталанышына жол бербөө боюнча биз алдыда  чукул кадамдарга барышыбыз учур талабы. Ошондуктан биз укук коргоо, жергиликтүү бийлик органдары эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алып жатабыз деди.

Улзийсурен Жамсран айым болсо өз сөзүндө БУУнун аялдар түзүмү, Айзада Канатбекованын жана Бурулай Турдалы кызынын каргашалуу окуясына байланыштуу, Кыргыз Өкмөтүнүн жана коомчулугунун аялдарга карата зордук зомбулукту жоюу аракетин толугу менен колдоого даяр экендигин билдирди.

Тараптар жолугушууда аялдардын коомдогу орду, алардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн абалы боюнча пикир алышып, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүндө гендердик теңчиликти камсыздоо, светтик өлкө катары, аялдардын активдүү жашоо образын калыптандыруу боюнча демилгелерди ишке ашыруу багыттарын талкуулашты.