Улуу Британия ханышасы Елизавета IIнин жолдошу, Эдинбург герцогу Филип каза болду. Бул тууралуу бүгүн Букингем сарайынын сайтына жарыяланганын чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматта: «Улуу урматтуу ханыша өзүнүн сүйүктүү өмүрлүк жарынын каза болгонун өтө кайгыруу менен кабарлады. Ханзаада Филип Виндзор сарайында көз жумду», — деп айтылат.

Ханзаада Филипп Маунтбеттен 1921-жылы 10-июнда Грецияда төрөлгөн. Ал Грециянын королу Георг Iнин небереси жана канзаада Андрейдин уулу. Андрейдин улуу агасы Константин I 1922-жылы тактан баш тартканда, канзаада Филиптин үй-бүлөсү Грециядан куугунтукталган. Ал Улуу Британиянын ханышасы менен коллежде окуп жүргөндө таанышкан. Алар 1947-жылы үйлөнгөн. Экөөнүн ортосунда төрт баласы бар.

Маалыматка ылайык, герцог Филип жакында 100 жашка чыкмак.